Millie
your market intelligence analyst
Search Results
Edit Save
2,541 results
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/25/2020 03:52
96 жаш курагында Советтер Союзунун акыркы маршалы Дмитрий Язов дүйнө салды. Язов узакка созулган оорудан улам көз жумду деп айтылат Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/25/2020 03:09
Жылдын башында Москванын түндүк-чыгышындагы Ярославль шаарындагы абактын эки кызматкери камакка алынган. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, түрмөдөгүлөрдү ур-токмокко алышты деп айыпталган.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/25/2020 00:34
Тактап айтканда, эпидемия - бир эле өлкөдө оорунун активдүү тарашы. Пандемия - континенттеги бардык өлкөлөргө жайыла баштаган учур. Жаңы коронавирус 30 өлкөнүн аймагына жетти.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/24/2020 06:48
Баш прокуратура айрым чоң шаарларда миңдеген жарандар жаңы каттоого турган фактыларды текшерип, кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Шайлоо өтчү ири шаарларда эл массалык түрдө катталып жатышы саясий партияларды тынчсыздандырууда.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/24/2020 06:40
Жекшембиде Канар аралдарына аба каттамдары токтотулуп, учактар башка аэропортко жөнөтүлгөн. Кечинде каттамдар кайра иштеп калды. Бирок Тенериф аралындагы аэропорт иштей элек.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/24/2020 05:44
Украинанын Полтава облусунун Новые Санжары аталган шаар конушунун тургундары коронавируска байланыштуу Кытайдан эвакуация болуп келген улутташтарын жергиликтүү санаторияга киргизбөөгө аракет кылышты.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/24/2020 05:09
Түштүк Кореяда каза тапкан кызы менен виртуалдуу дүйнөдө жолуккан эненин окуясы тууралуу документалдык тасма кызуу талкуу жаратты. Мындай симуляциялар жоготууну кабыл алууга жардам береби?
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/24/2020 01:04
"Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары" (1920-1953-жж.) аталышындагы он томдук басмаканадан чыкты. Түзүүчүлөр бул китеп мурдагы союздук республикалардын арасынан биринчи болуп Кыргызстанда чыкканын айтууда.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/24/2020 01:03
Өткөн ишембиде Казакстанда баш калаа Нур-Султан менен Алматыда полиция митингге чыккан ондогон адамдарды кармады. Митингди казак бийликтери экстремисттик деп атап жаткан "Казакстандын демократиялык тандоо" уюму уюштурган. Полиция кармап кеткендердин жалпы саны 300дөн ашты.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/21/2020 07:22
Коронавируска шектелип, "Даймонд Принцесс" саякат кемесинде карантинге алынган кыргызстандык жаран Жапонияда ооруканада. ТИМ аны менен Кыргызстандын Токиодогу элчилиги тыгыз байланышта экенин билдирди.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/21/2020 00:58
Ондогон демонстранттар Кытайдагы Ухань шаарынан коронавирустан улам эвакуацияланган жарандарды алып бара жаткан автобустарга таш ыргытышты.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/20/2020 23:54
Орусиянын Коргоо министрлиги Түркия куралчан топторго көмөк көрсөтүп, алар Идлибдеги Сириянын өкмөт күчтөрүнө чабуул койгонун маалымдады. Буга жооп кылып Москва козголоңчуларды абадан бутага алды.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/20/2020 07:22
Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өтүүгө 7 пайыздык босого Кыргызстан үчүн ылайык экенин айтты. Ал ар бир партияга бирдей карарын, параламентке ким келбесин элдин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштешээрин билдирди.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/20/2020 01:06
Кыргыз-орус кайчылаш жылынын алкагында Жээнбековдун Орусияга болчу сапарынан кыргызстандык мигранттар көптү күтүп жатышат. Анын ичинде кыргыздардын Москвада маданий борборун ачуу, мигранттардын укуктарын коргоо, ишкерлердин соода кылуудагы кыйынчылыктарын чечүү сыяктуу маселелер бар.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/19/2020 08:06
Бул жолку “Сапар” берүүбүздө аялдар күйөөсү тарабынан зордук-зомбулукка кабылганы жөнүндөгү үрөй учурган кабарларга коомчулук көнүп калдыбы? Кыргызстандагы жана Орусиядагы кордук көргөн аялдар тууралуу берүүнү сунуштайбыз.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/19/2020 07:52
АКШнын Юта штатында көп аял алуу же полигамия Кылмыш кодексинен алынышы мүмкүн. Штаттын мыйзам чыгаруучулары көп аял алууну коомдук унаага билетсиз чыккандай эле жеңил кылмыш катары эсептөөнү сунуштады.
BBCkyrgyz.com (Kyrgyzstan) 02/19/2020 00:11
"Вефа Центр" соода борбору кимге таандык экенин сот аныктоо алдында турат. Инстанциялардын баарынан өткөндөн кийин кайра баштан каралып жаткан иш экинчи жолу Жогорку Сотко жетти.

Personal Care

Household Products

Business Issues

Trends

Companies - Public

Companies - Venture Funded

Information Technologies

Regions

Job Titles